Templates by BIGtheme NET

Эми таза сууга бөлүнгөн акчага колдорун салбаса

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында  “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк айылдарды таза суу менен камсыз кылуу багытында 43 млн 200 миӊ доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Жалпы каражаттын 11 млн 900 миӊ доллары гранттык каражат, ал эми 14 млн 500 миӊ доллар жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздуу үстөгү менен берилүүдө. Каражат Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга жумшалмакчы.

КР Өкмөтү “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун 7 млн 200 миӊ доллар көлөмүндө кошумча каржылоого тийиш. Эми ушунча каражат Бишкек ЖЭБдеги миллион доллардай кумга сиңип кетпесе эле, жалпысынан 53 айыл таза суу менен камсыз болуп калат экен.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Камчы Көлбаев менен балдардан бассейн талашкан жарандын кандай байланышы бар (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful