Templates by BIGtheme NET

Мас абалында жай тургундарга ок чыгарган тергөөчүгө сот өкүм чыгарды

Мас абалында “Космопаркта” ок чыгарган Бишкек ШИИБдин Тергөө башкармалыгынын М.Р.  аттуу тергөөчүсүн сот 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Аталган тергөөчү окуя болгондон кийин КР ички иштер органдарынан терс мотивдер боюнча кызматынан бошотулган.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 2-апрелинде болжол менен таңкы 4:30 чамасында шаардык милициянын 102 номерине 7-кичи райондогу “Космопарк” эс алуу борборунда белгисиз адамдар тапанчадан ок атып, унаа менен окуя болгон жерден качып кеткендиктери билдирилген.

Буга байланыштуу Бишкек ШИИБ жашырынып кеткен унааны таап, кармоо планын жарыялаган.

Белгиленген унаа кармалганда, анын айдоочусу Бишкек ШИИБдин ТБ тергөөчүсү М.Р. болуп чыккан.

Күбөлөндүрүүдө милиция кызматкери мас абалында экендиги аныкталган.

Ошондой эле, М.Р. өзүндөгү МР-80-13 Т үлгүсүндөгү травматикалык тапанчаны өз ыктыяры менен тапшырган.

fakt.kg

 

Тема боюнча:  Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңчал чыкты

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful