Templates by BIGtheme NET

Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо боюнча 4 компаниядан сунуш түшкөн

Бишкек Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму өтүп, анда 2012-2013-жылдары премьер-министр болуп иштеген Жантөрө Сатыбалдиев менен Чыныбай Тусунбеков депутаттык комиссия мүчөлөрүнүн Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого байланыштуу бир катар суроолоруна жооп берди.

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы жаралгандыктан, Бишкек ЖЭБин оӊдоо маселеси 1997-жылдары эле көтөрүлүп, 2012-2017-жылдары өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына киргизилгенин белдирди. «Ал кийин Коопсуздук кеӊешинде да каралган. Ошондон улам, мекемелер аралык комиссия түзүлүп, ЖЭБдин абалын иликтеп чыккан. Аны реконструкциялоо боюнча 4 компаниядан сунуш түшкөн. Бирок, насыя каражатын бере турган кытай тарап өздөрүнүн ТВЭА компаниясын нота түрүндө сунуштады», – деди ал.

Андан тышкары, Жантөрө Сатыбалдиев кытай тарап жеӊилдетилген насыядан башка жаӊы мектеп имаратын куруу үчүн 2 млн доллар каражат, ошондой эле 20 млн доллар өлчөмүндө техникалык грант берүүгө убада кылганын кошумчалады. «Андан кийин мен кызматтан кеттим, кандай жумуштар жасалганынан так маалыматым жок», – деп, ал өз сөзүн жыйынтыктады.

Ал эми депутат Чыныбай Турсунбеков курамына баардык парламенттик фракциялардын өкүлдөрү кирип, 11 депутаттан турган топ Энергетика министрлигинин сунушу боюнча Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого тартыла турган компаниянын иши менен таанышканы Кытайдын Үрүмчү аймагындагы Чанша шаарына барганын айтты. «Ал жерде бизди өкмөттүн өкүлдөрү коштоп жүрдү. ТВЭА компаниясына тийиштүү ишканалардын абалы, алардын чыгарган техникалык жабдууларынын сапаты менен тааныштык. Кийин билсек, бизге чейин деле бир топ депутаттар ТВЭА компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишкен экен», – деп кошумчалады ал.

fakt.kg

Тема боюнча:  Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы жогорку деңгээлде өткөрүлөт

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful