Templates by BIGtheme NET

Текебаев үчүн эки экс-министрлер кайым айтышты

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев “Өмүрбек Текебаевди эмне эле баатыр кылып жатасыңар, ал болгону кылмышкер деген оюн билдирди.

Зарылбек Рысалиев: “Текебаевге карата соттун чечими чыгып, депутаттык мандатынан ажыратылды, ал жөн гана бир кылмышкер. Анын ден соолугун, коопсуздугун айтып жатасыңар, ал кадимки кылмышкерлердей жазасын өтөп чыгышы керек. Текебаевге эч кандай жеңилдик болбошу керек. Абакта камера коюлабы же жокпу Текебаев камалган мекеменин жетекчиси өзү билет, каалаган кишисине коёт”, – деди Рысалиев.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов Зарылбек Рысалиевге өз жообун берди.

Алмамбет Шыкмаматов:   “Зарылбек Рысалиев ИИМдин, ЖАМКтын жетекчиси болуп иштеген, бул киши мыйзамды билбейт, билбегени үчүн ушинтип сүйлөп жатат. Биз Текебаевдин маселесине окшоп жарандардын укугу бузулбасын, бардык жарандардын укугу корголуш керек деп жатабыз, Текебаевге жеңилдик деген жокпуз, сөздү башкага бурбаш керек”, деди Шыкмаматов.

Зарылбек Рысалиев: “Урматтуу Шыкмаматов, сиз мени окутуп, сиз менден зачет алдыңар беле? Эмне үчүн сиз мага баа берип жатасыз?” деди Рысалиев.

Ал эми, эки экс-министрди Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков бири-бирин кемсинтпей сүйлөгөнгө чакырып ортого түштү.

fakt.kg

Тема боюнча:  Парламент баш прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовду колдоду

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful