Templates by BIGtheme NET

Чек ара кызматы Абдил Сегизбаев жана Индира Жолдубаева боюнча жооп берди

УКМКнын жакында иштен бошотулган төрагасы Абдил Сегизбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы ачыктаган жок.

Аталган мекеменин маалымат кызматынын башчысы Гүлмира Бөрүбаева “Марал” радиосуна билдиргендей тийиштүү жактардын билдирүүсү келмейинче, Сегизбаев менен Жолдубаеванын Кыргызстандан чыккандыгы тууралуу маалымат айтылбай турганын билдирди.

Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеванын өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу маалыматты тактоо үчүн “Манас” эл арлык аэропортуна кайрылганыбызда, мекеменин басма сөз кызматкери Алия Курбанова жүргүнчүлөрдүн документтери көзөмөл өткөрүү пункттарынан гана текшерилерин билдирди.

Эске салсак, УКМКнын төрагалыгынан алынган Абдил Сегизбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу Жогорку Кеңеште генерал Талант Исаев айтып чыкты. Ал социалдык тармактардагы маалыматтарга таянганын белгиледи.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Президент дагы бир аткаминерди кызматтан алды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful