Templates by BIGtheme NET

Сапар Исаков бир нече аткаминерлерге катуу сөгүш жарыялады (Тизме)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-апрелде, үстүбүздөгү жылдын 26-январында Бишкек шаардык ЖЭБдеги штаттан тышкаркы абалдын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2-февралдагы буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бишкек шаардык ЖЭБдеги авариянын себептерин жана ЖЭБди модернизациялоо боюнча алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары эске алынаарын баса белгиледи.

Премьер-министр Сапар Исаковдун тапшырмасы боюнча тартиптик чаралар кабыл алына турган аткаминерлердин тизмеси:

Бишкек шаардык ЖЭБ боюнча:

– Мындан мурда Бишкек шаардык ЖЭБ директору Омуркул уулу Нурлан кызматынан алынган, буга катар Бишкек шаардык ЖЭБ жетекчилик курамынын бир катар кызматкерлерин ээлеген кызматынан бошотуу сунушталууда.

«Электр станциялары» ААК боюнча:

Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын начальниги Сергей Абдулхаировго катуу сөгүш жарыялансын.

Техникалык директор Алмаз Жусупбеков, гидротехникалык кызматтын начальниги Кубанычбек Манкиев, жылуулук техникалык жабдууларын пайдалануу жана ремонттоо кызматынын начальниги Урмат Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулсун.

Белгилүү болгондой, мындан мурда башкы директордун биринчи орун басары Бердибек Боркоев кызматтан бошотулган.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК боюнча:

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башчысынын орун басары Нурлан Садыковго катуу сөгүш жарыялансын.

Энергетикалык тармакты көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар боюнча:

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Уланбек Рыскуловго, анын орун басары Азамат Оморовго катуу сөгүш жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Болот Жусуевге катуу сөгүш жарыялансын.

fakt.kg

Тема боюнча:  Депутат: "Абдил Сегизбаевге карата кылмыш ишин козгош керек"

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful