Templates by BIGtheme NET

Ашхабад дүкөндөрүндө эскирип кеткен азык-түлүктөр сатылууда

Ашхабадда тамак-аш тартыштыгы күч алып турган маалда, дүкөн текчелеринде мөөнөтү өтүп кеткен товарлар пайда болду.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына шилтеме жасап билдиргендей, көбүнчө сүт жана колбаса азыктарынын мөөнөтү өтүп кетүүдө. “Эски быштак, кефир, каймактарды сатышууда. Жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткенин кардарларга айтышпайт”, – деди ашхабаддык тургундардын бири.

Бул арада айрым азык-түлүктөрдүн жарамдуулук мөөнөтү жок сатышууда.

Түркмөнстанда 2017-жылдын декабрь айынан тарта ун тартыштыгы жаралып, тамак-аш кымбаттады. Анын ичинде нан жана сүт азыктарынын наркы 100% өстү.

Түркмөн бийлиги азык-түлүк каатчылыгын расмий түрдө моюнга алган жок. Тескерисинче, түркмөн медиасы өлкө байгерчиликте жашап жатканын даңазалоодо.

fakt.kg

Тема боюнча:  Тажикстанда салмагы 7,2 кило бала төрөлдү

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful