Templates by BIGtheme NET

Милиция кызматкерлери шектүүнү сабап салышкандыгы айтылууда (Видео)

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери майып кишини кыйноого алышкан. Бул тууралуу «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси Камиль РузиевVesti.kg маалымат агенттигине билдирген.

Укук коргоочунун айтымында, Каракол шаардык соту жабыркаган Петр Алексеенкону шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Бирок Петр өзү уурдоого шектелип издөөдө жүргөнүн билген эмес. Ал 2018-жылдын 15-мартында сабалгандыгы айтылат.

Жабырлануучунун апасынын айтымында, уулу экинчи топтогу майып. Ал президент Сооронбай Жээнбековго жардам сурап кайрылган. Анын уулу сабалгандан кийин эч кандай медициналык экспертиза болгон эмес.

“Менин уулумдун жаракаттары айыгып, биз анын сабалгандыгын далилдеп бере албайбыз деп коркуп турам. Экспертиза азыркыга чейин дайындалбай, чоюлуп жатат”, деп билдирген жабырлануучунун апасы.

Укук коргоочунун айтымында, милиция кызматкерлери “Кармалган жаран тергөөчүнүң иш бөлмөсүндө өзүн өзү сабаган”, деп билдиришкен.

fakt.kg

Тема боюнча:  Депутат Дастан Бекешев велосипед менен Ысык-Көлгө жөнөп кетти (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful