Templates by BIGtheme NET

Прездиентке Курманбек Бакиевдин мүлктөрү боюнча кайрылуу

“Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин президентке кайрылуусу:

Өзгөртпөй беребиз:

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Алгач Сизди миллиондогон Кыргызстан жана дүйнө элдеринин катарында президенттик кызматка ийгиликтүү киришиңиз менен Сиз жетектеген мамлекеттеги “Мекен Шейиттери” коомдук бирикмесинин жалпы мүчөлөрүнүн атынан дагы бир ирет куттуктайбыз. Ылайым, Кыргызстан элине ак жолтой ажо болуп, Сизди адилеттүүлүктүн касиети жылоолосун.
Дагы саналуу күндөрдөн кийин календарь 2018-жылдын 7-апрель датасын көрсөтөт. Бул күн кимдир бирөөлөргө бийлик алмашкан революциянын элесин берсе, кимдир бирөөлөргө ар кандай бийликтин креслолорун, байлыкка тойбогон жыргал жашоонун, мамлекетти иритип-чирите баштаган коррупция доорунун элесин берип келет. А бирок, Сизге кайрылып жаткан 87 үй-бүлөдөн турган “Мекен Шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү үчүн – бул күн түбөлүккө кайгы-муңда жашаган, жакынын издеп таппаган кара жолтой күн болуп калды. Анткени, дал ушул күнү 87 үй-бүлөнүн бирөөлөрү атасын жоготсо, дагы бирөөлөрү баласын же инисин, деги эле жашоодо жан боорун жоготуп ыйга батты. Ал күндүн кайгы-муңун сыздап, боздоп айтып бүтпөйкелебиз. Айтпай коюшка да болбойт! Анткени, дал ошол 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон балдардын каны, жаны менен бүгүнкү жаркыраган жашоо кыргыз элине келбедиби.
Андыктан, канкор Бакиевтердин Кыргызстанды гүлдөгөн коррупцияга айланткан бийлигин жыгуу үчүн, мамлекеттин жаркын келечеги үчүн каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө бийлик мыйзам чегинде камкордук көрүп жатабы деген суроонун айланасында Президент катары Сизге жолугуп ой бөлүшкүбүз келди. Сөздүн багыты жүрөгүбүздө толгон адилетсиздикти, дале болсо бийликтин сыйкы сасык саясаты, нанга жетпей кыйналган жетим менен жесирдин тагдырлары жана келечекте Сиздин мындан аркы иш-аракетиңизге жашоодо кол-бут болуп, кыргыз өлкөсүн бактылуу келечекке баштап бара жаткан демилгеңизге жардам берели деген ойлордун тегерегинде болмокчу.

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Апрель революциясы токсонго жакын адамдын башын жутту. Бүгүн биздин коомдо 141 бала атасыз, 58 аял жесир, 64 эне баласын жоготкондор, алардын 11 жалгыз баласынан ажырагандар. Жакыны үчүн күйүттөн сыздап жүрүп: Жусубалиева Калиман – Чынгышев Канаттын энеси, Алтынбеков Табылды – Алтынбеков Теңизбектин атасы, Орозалиева Акылай – Акманов Чынгыздын энеси, Кожобеков Малик – Кожобеков Рахаттын атасы, Нусукеева Жийдегүл – Миңбаев Эрнисттин аялы, Мамырова Назира – Шамбетов Рустамдын аялы бул дүйнө менен кош айтышты. Кээ бир жарандар күйүттөн ичип, токтоно албай калышып ден-соолугунан ажырады: Ахмедов Аблажан – Ахмедов Пархаттын атасы, Нурмамбетова Гүлсайра – Насыров Асхаттын энеси, Солгунбаева Гүлжан – Жумаев Мырзабектин жесири. Катуу стресске кабылгандыктан жүрөк оорусу, психикалык түрдүү дарттуу болушту, өспүрүм балдар “порок сердца” деген диагноско кабылышты.
Албетте, мындай тагдырлар кыргыз мамлекетинде бир далай болсо керек, бирок биз билгенден дал ушул фактылар Апрель революциясынын айынан болуп жаткандыгы да анык. Биз деле түшүнөбүз, балаң же атаң мамлекет үчүн каза болуп калса, аны түбөлбүккө мамлекет баксын, карасын деген милдеттенме жок. Буга карабастан бийликтин адилеттүүлүгү жана биз жашаган коомдогу гумандуулук ошол каза болгон токсон үй-бүлөнүн жашоосуна моралдык жана материалдык камкордук көрүп туруусу да туура багыттардын бири деп ойлойбуз. Анткени биздин жашоодогу ордубуз, сөзүбүз коомдо мекенди сүйүүнүн, мекен үчүн кан-жан берүүнүн улуу мисалдары катары жашап жүрөт. Эл буга абдан маани берет.
Буга карабастан, бийлик ушул күнгө чейин биздин үй-бүлөлөргө жетишсиз мамиле жасап келгендигин бир далай мисалдар менен айта алабыз. Бизди болгону 7-апрель күнү гана эстеп, кайгыруу менен сөз сүйлөп эскеришет. Сөзүбүз курук болбосу үчүн Сизге 2017-жылдын 24-ноябрында, тагыраак айтканда Сиз бийликке келген инаугурация аземиндеги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнөн үзүндү келтиребиз.
“ – Кыргыз көчү өз жолун тапты. Бирок унутпайлы, бул жолду кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн канын, жанын, өмүрүн да аябаган жигиттерибиз ачып берди. Аксы, 7-апрель окуясында курман болгон, жаракат алган жарандарыбыз жана жигиттерибиз болбогондо кыргыз жолу дале жолун таппай жүрмөк. Муну унутпайлык. Дайыма ошол курман болгон жигиттерибизге таазим кылып жүрөлү!” Бул экс-президент Атамбаевдин кетээрдеги сөзүнөн үзүндү. Ал өзүнүн президент болгон 6 жылында чынында таазим кылдыбы же “Мекен Шейиттери” менен эмнелер жөнүндө сүйлөшүп, эмне иштерди кылганы, а балким Сизге маалымат же сабак болоор деп ойлойбуз. Көп эле учурда сөз менен иштин айырмасы жок экени бийлик башындагыларга көнүмүш адат болуп калганын биз аябай билдик жана байкадык.

Тема боюнча:  Коррупционерлерден мамлекеттин эсебине 39 млн сом кайтарылды

Урматтуу президент!

Кыргыз эли эки президентин коррупция үчүн айыптап өлкөдөн кууп чыгышты! Мындан кийин кандай натыйжалар болду? Алсак, Акаев менен Бакиевтен өлкөдө ач көздүктөн жаралган чоң байлыктар калды. Айрыкча, Бакиевтен калган мүлктөрдүн саны үрөй учурат. А бирок, бүгүн ошол мүлктөр кайда, кимдин колунда деген суроого эч ким жооп издебейт. Буга карабастан “Мекен Шейиттери” коомдук бирикмесинин жамааты Алмазбек Атамбаевге эки ирет, Фарид Ниязовго бир нече ирет жана Жогорку Кеңешке бул багытта так суроолор менен кайрылуу жасаганбыз. Жооп бермек түгүл кайра – силердин ишиңер эмне, биз айтканды угуп жөн жүргүлө,- деп кол шилтешкен. Көз көрүнө эле мурдакы бийликтин байлыгын кийинки бийлик талап-тоноп жатты. А бирок, бийлик алмашууга жүздөгөн адамдар садага чабылып, өмүрлөрү менен кош айтышпадыбы?! Мындай окуялар элдик жыйындарда кооздолуп, тапталып айтылганы менен иш жүзүндө тап-такыр башка натыйжалар болуп келди. Ушундан улам арманыбыз көөдөнүбүзгө батпай Сизге жолугуп, аз да болсо бугубузду айтып, мындан аркы иш-аракеттер жөнүндө макулдашсак дедик эле. Бийлик “Мекен Шейиттери” жамаатынын мүчөлөрүн жана Апрель революциясында жарадар болгондорду бөлүп-жарып, аларды саясий кызыкчылыктар үчүн ачыктан-ачык “курал” кылып колдонуп келишти. Кээде(бир жылда бир) аларга 5-6 миң сомдон колуна карматып – биз силерди карап жатабыз,- деген ишаарат жасашкандан уялышкан жок. Ушундан көрө мекенге шейит болуп, кыргыздын келечеги үчүн каза болгондордун эрдигин, мурдакы бийликтин жүзү каралыгын көрсөтүп, келечек үчүн улуттук идеологиянын даңазасын жаратышса болмок. Бирок андай болбоду.Мындан сырткары, көптөгөн көңүл кейиткен жана аргасыз фактыларды жолугушканда айтып берели дейбиз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Бүгүнкү мезгилде Сиз өлкөнүн ичиндеги коррупциялык схемаларды тазалоого багыт алдыңыз. Бул абдан жакшы. Эгер мүмкүн болсо Акаев жана Бакиев бийлигинен калган мүлктөрдүн бүгүнкү учурдагы абалы жөнүндөгү маалыматты элге чыгарып, ачык-айкын кылсаңыз дагы жакшы болоор эле. Бул Кыргызстан үчүн өтө зарыл маселе деп эсептейбиз. Бул маселе биздин Сизге карата эң алгачкы өтүнүчүбүз.
Анткени, Максим Бакиевтин мүлкү болгон БНК май куюучу заправкалар “улутташты” деп жеке адамдарга 2 миллион долларга сатылып, андан кийин кайра Роснефтке 37 миллион долларга сатылды. Ортодо 35 миллион доллар “эпчилдердин” чөнтөгүнө кирди. Бүгүн бул коррупцияны бирөө изилдеп жатабы? Албетте жок. Аны жасагандардын бирөө мамлекеттен орден алып, Жогорку Кеңеште гүпүлдөгөн депутат. Бул болсо Бакиевтен калган бир гана мүлктүн айланасындагы сөз. Бакиевтен калган канча мүлк улутташты жана алар бүгүн кимдин колунда деген суроонун жообун жомок катары элестетүүгө болбойт. Бүгүнкү ТЭЦ деги, “Манас” аэропортундагы мисалдар мындай окуялардын айласыз сыртка чыгып калган гана элестери.
Биздин жакындарыбыз, бир туугандарыбыз, инилерибиз жана балдарыбыз Апрель революциясында эмнеден каза болду? Мамлекеттик жана соттук териштирүүдө дээрлик бардык мекен шейиттери Бакиевтик бийлик тарабынан колдонулган снайпердик СВД-7,62 мылтыгынан жана 5,45 үлгүсүндөгү Калашников автоматынан, мамлекеттик мүлк болгон куралдардан каза болгондугу аныкталды. Бул аракеттер Бакиевтердин 3 станциялык сотторунда толук далилденди. Демек, мындай шартта Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин №16,17,993, 998, 1007 жана 1027-беренелеринин негизинде жабырлануучулар мамлекеттен же Бакиевтерден моралдык компенсацияларга ээ болушу абзел.
Ушундай жагдайлардын талабында “Мекен шейиттери” Бакиевтерге карата атайын доо менен сотко арыз берди. Эгер, сот биздин талаптарды колдобосо, анда кандай болот? Андыктан ушул маселелерди Сиз менен кеңешсек дедик эле. Буга чейин “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен президенттик администрациянын башчысы болуп иштеп келген Фарид Ниязов иш жүргүзчү. Ал “Мекен шейиттери” бирикмесинин мүчөлөрүнө кандайдыр бир десанттык батальон катары мамиле кылып, керектүү учурларда колдонуп, башка кезде унутуп салчу. Акыры биздин үндү укчу президент жана бийлик жашоого келди деп ойлонуп жатабыз.

Тема боюнча:  Атамбаев Албек Ибраимовдун кызматтан кетүүсү боюнча пикирин билдирди

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

“… мен президент катары коррупция менен күрөшүп, атка минерлер менен катуу иш жүргүзөм.
… ар бир жарандын укугун жана эркиндигин, кызыкчылыктарын коргогон элдик президент болом. Буга менин билимим, тажрыйбам, дараметим да толук жетет!” Деген сөздөрүңүз бизди гана эмес бүтүндөй Кыргызстанды аябай толкундатты. Биз дале болсо Сиз бийликке келген кездеги, инаугурациядагы сөздөрүңүздүн деми менен жашап жатабыз. Анан да – Мен үчүн бийлик – эл-жериме кызмат кылуу – деген сөзүңүздүн мазмунуна терең ишенимде болдук. Айтканыңыздай эле коррупция менен келишпес мамилеге бет алдыңыз. Биз Сизди мындай аракеттериңизди кош колдоп колдойбуз. Ошентсе да, ушул бийлик үчүн эң жакындарынан ажыраган адамдардын суроо-талаптарын эске алып, алардын аракетине да колдоо көрсөтөсүз деп терең ишенебиз.
Сизден суранабыз, жексур Бакиевтердин өлкөнү тоноп жыйган кыймылсыз мүлктөрүнүн эсебинен жабырлануучулардын мыйзамдуу талаптарын сот аркылуу туура бааланып, аларга материалдык компенсация алышына туура көзөмөл кылып берсеңиз. Ансыз деле Бакиевтик бийликтен калган мүлктөрдү коррупция талап, уурдап бүттү. Андан көрө бардык маселе ачык-айкындыктын мыйзам чегинде болушун каалайбыз. Андыктан, Апрель революциясына чейин бизди кабыл алышыңызды суранабыз. Калган сөздөрдү жакын арада Сизге жолукканда кеңешебиз деген терең ишенимдебиз.

Сизди терең урматтоо менен,
“Мекен шейиттери”
Жарандык коомунун тең төрөгасы Сагындыков А.

Тең төрайымы Айдабасунова Н.И.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful