Templates by BIGtheme NET

Бишкек ЖЭБине кандай видеокамералар орнотулган (Сүрөт)

Бишкек ЖЭБиндеги авариялык кырдаалды иликтеген депутаттык убактылуу комиссиянын 13-марттагы жыйынында жылуулук борборуна алынган видеокамералардын да наркы талкууга алынган. “Электр станциялары” ААКсынын өкүлдөрү депутаттарга видеокамералардын базар баасынан 12 эсе кымбат алынышынын себебин дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырылгандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Бүгүн, 14-мартта депутат Акылбек Жамангулов Бишкек ЖЭБине барып, талкууга алынган видеокамералардын санын жана сапатын тактап келди. Депутаттын айтымында жылуулук борборуна 123 камера жана бир сервер орнотулган.  “Алардын сегизи гана  атайын видеокамера катары мештерге жана  барабандарга коюлган, ал эми калгандары кадимки эле күнүмдүк турмушта колдонулуучу жылуучу жана туруктуу камералар”, – дейт Акылбек Жамангулов.

Ошондой эле депутат аталган видеокамераларды сүрөткө тарта келген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful