Templates by BIGtheme NET

Кытайлыктар менен коркуткан депутат

Жогорку Кеӊеште Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болду.

Жыйында КСДПчы депутат Осмонбек  Артыкбаев “ММКлардан ТВЕА компаниясынын билдирүүсүн окудум. Анда алар модернизация маселесинин айланасындагы кыргыз тараптын нааразычылыгына бир аз түшүнбөй, таарынгандай болуп жатышат. Алар долбоорду арзан куруп берсек, үстүнө кошумча дагы 20 млн. доллар техникалык грант берсек, кайра бизди күнөөлөп жатышканы эмнеси” деп таң калып, таарынып жаткандай деди. “Кечирип койгула, бирок, алар жардам бербегенде мындан да абал кыйын болмок. Аларга тескерисинче, ырахмат айтышыбыз керек”, -деп да кошумчалады депутат. Осмонбек Артыкбаев энергетика министри болуп турган маалда ТЭЦтин модернизациясы жанданып, эч кандай конкурс жана мониторинг өтпөстөн кытайлык ТВЕА компаниясы тандалып алынган. Депутаттын айтымында, ал акчалар кайда кеткенин такталса кытайлыктар капа болот экен. Бул эмне дегени. Эгер, терең казып чыкса кимдерге барып такаларын алдын ала билген үчүн кытайлыктарга шылтап жатканыбы? Ал жерден дагы ошол кезде өкмөт башчы болгон  Жантөрө Сатыбалдиевди мактап, ал кишинин суранычын кытайлыктар жок дебей аткарды деп Жантөрө Сатыбалдиевди   жаман сөздөн  сактайын деп жатканыбы? Бул деген кытайлыктар менен коркутуп, дайыны чыкпай жаткан акчанын изин жаап жашырууга болгон иш аракет болуп жаткандай.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful