Templates by BIGtheme NET

Жалал-Абад шаарында балдар бакчасындагы коррупцияга бөгөт коюлат

Эми Жалал-Абад шаарынын тургундары жана шаардын чет жакасында жашагандар шаардагы балдар бакчаларына балдарды жайгаштыруу кезеги кандай экенин үйүндө отуруп эле билип, көзөмөлдөй алышат. Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана шаардык билим берүү бөлүмү балдар бакчаларына балдарды жайгаштыруунун кезеги тууралуу маалыматты расмий муниципалдык сайтка жайгаштырышты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борбору мекемеси иштетип жаткан расмий муниципалдык www.jacity.kg сайты шаар бийликтери, мекеме-ишканалары тарабынан жүргүзүлүп жаткан расмий маанилүү иш-чаралар тууралуу калкка маалымат берип турат. Ошондой эле анда шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдор, шаар мэриясынын аткаруу комитетинин кабыл алган токтомдору жана шаар мэринин буйруктары жарыяланып турат. Каалоочулар сайтка кирип, каалаган рубрикасы боюнча маалымат ала алышат.

Эми март айынан баштап, сайттын жогорку оң жагында “Балдар бакчаларындагы кезектер” рубрикасы жайгаштырылды. Анда кайсы балдар бакчаларына кайсы балдар кандай иретте кезекке турушканы ачык көрсөтүлүп турат.

-Мунун баары адилеттик үчүн, коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу үчүн жасалууда. Себеби, балдарды бакчаларга жайгаштыруу кезеги бузулуп, адилетсиздик болуп жатканы тууралуу ата-энелер арасында нааразылыктар бар. Биз ага жол койбошубуз керек жана терс көрүнүштөргө каршы жалпы аракет кылышыбыз ылаазым. Ошондуктан, эгер адилетсиздик көрүнүштөрү болсо, ата-энелердин бизге кабарлашын суранабыз, – дейт шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Руслан Алтымышев.

Ата-энелер расмий муниципалдык сайттагы байланыш даректери аркылуу шаар мэриясына кабар жеткире алышат.

fakt.kg

Тема боюнча:  Аткаминерлер согуштун  ардагерлерине тиштелген таттууларды беришкен (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful