Templates by BIGtheme NET

Жалал-Абадда кургак учукка чалдыккандар азаюуда

Жалал-Абад областында кургак учуктун дары-дармектерге туруктуу формасы менен катталгандардын саны өстү, анткени ушундай ооруларды аныктоо иши кыйла жеңилдеди. Буга чейин ооруну аныктоо көп убакытты талап кылса, эми жаңы келген аппараттардын жардамы менен оорунун диагнозу 2 саатта дайын болууда. Атайын тесттин жардамы менен аныкталган оорулууларды дарылап айыктыруу жагы колго алынгандыктан, мурдагы жылдарга салыштырмалуу илдетке чалдыккан улуулардын да, балдардын да саны азайып барат.

Областтык калкка кургак учук оорусу боюнча жардам көрсөтүү борборунун директорунун орун басары Кайрынса Дыйканбаеванын айтымында, буга чейин тийиштүү заманбап аппараттардын жоктугунан улам аталган борборунун адистери илдетти аныктоодо кыйналып келишкен. Борборго атайын аппараттар менен жабдылган унаалар келгенден кийин, алар алыскы элет аймактарына барып, калкты тийиштүү тесттен өткөрүү мүмкүндүгүн алышты. Эми атуулдар арасында оорунун өтүшүп кеткен формасын азайтууга реалдуу техникалык шарт жаралды.

Ал эми ак халатчандар бул социалдык ооруга чалдыкпоо үчүн атуулдар өздөрү да аракет кылуулары зарылдыгын айтышат. Ушул максатта 24-февралдан 24-мартка чейин өтүп жаткан кургак учукка каршы бир айлыктын алкагында түшүндүрүү иш-чаралары жүрүп жатат.

Шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башчысы Акылбек Ормонбековдун айтымында, учурда кургак учук менен күрөшүү боюнча айлыктын алкагында элге түшүндүрүү жана алдын ала аныктоо үчүн текшерүү иштери жүрүп жатат. Жыл сайын жүргүзүлгөн ушундай аракеттердин натыйжасында  Жалал-Абад шаарында ооруга чалдыккандардын санын кыскарууда. Азыр бардык мекеме-ишканаларда, окуу жайларында атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунда 2016-жылы кургак учук менен 981 оорулуу катталса, 2017-жылы анын саны 937ге төмөндөгөн. Анын ичинде илдетке чалдыккан балдардын саны азайган. Ал эми Жалал-Абад шаарында өткөн жылы алгачкы 2 айда 12 атуул кургак учукка кабылган болсо, бул жылы 2 айда 5 адам катталды. Ооруну жуктургандардын басымдуу бөлүгү чет жактарда иштеп келгендер болууда.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful