Templates by BIGtheme NET

Тажикстанда бардык тасмалардагы эротикалык көрүнүштөр кыркылат

«Тажикфильм» киностудиясы бардык жергиликтүү жана чет өлкөлүк фильмдердеги эротикалык жана интимдик эпизоддорду кыркып туруп экранга чыгарууну сунуштоодо.

Кинотасмалардагы адептүүлүктү сактоо жөнүндө атайын пункт иштелип чыгып, Тажикстан өкмөтү колдогон “Тажикфильмдин” жаңы уставына киргизилди. Документке ылайык, киностудия мындан ары тасма гана тартпастан, жергиликтүү жана чет өлкөлүк фильмдердеги “уят” көрүнүштөрдүн кыркылышына көзөмөл жүргүзөт.

Бул үчүн “Тажикфильм” киностудиясынын алдында атайын коллегия түзүлөт. Топ бардык фильмдерди карап, моралдык талаптарга шайкеш келер-келбесин текшерет.

Автордук укуктардын сакталышына көзөмөл жүргүзүлүп, “пираттык” фильмдердин кинотеатрларда көрсөтүлүшүнө тыюу салынат.

fakt.kg

Тема боюнча:  Ташкентте район акими $400 миң пара алып жатып кармалды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful