Templates by BIGtheme NET

Өзү билип, өтүгүн төргө илген компаниянын артында ким турат

Тогуз-Торо районунун Казарман айылында 400дөй киши 10-мартта нааразылык акциясына чыгып, Макмал кенин иштеткен комбинатты жаап салууну талап кылышкан.
Тогуз-Торо районунуна “Жи Эл Макмал девелопинг” компаниясы  Макмал кенинде алтынды бөлүп алуучу фабриканын курулушун баштаган эле. Чогулгандар кошумча фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыяны тиет деп жатышат. Бирок, “Жи Эл Макмал девелопинг” компаниясы тийиштүү документтери жок эле курулушту башташкан. Бийлик өкүлдөрү курулуш иштеринин документтери толук бүткүчөктү курулуш иштерин токтотушту. Эгерде, ал жердеги жашаган элдер ызы-чуу чыгарбаса, кенди каалагандай алып кетишмек. Бул компанияга документ бүтүрсүн деп эркелетип күтүп олтурбай, аларга кылмыш ишин козгош керек. Жок дегенде документин биринчи бүтүрүп, анан ишин баштаса болбойбу? Бул деген биздин бийликти тоготпогонубу же артындагы айдакчысы таасирдүүбү? Өзү билип, өтүгүн төргө илген компаниянын артында ким турат?

Максат Ибрай

fakt.kg

Окшош материалдар:  Иса Өмүркулов Ирина Карамушкинага жооп берди

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful