Templates by BIGtheme NET

Өзбекстанда ымыркайын өлтүрүүгө шектелген студент кыз кармалды

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Кизирик районунда жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Наристенин сөөгү 7-мартта жергиликтүү балык чарбаларына тиешелүү көлмөнүн жээгинде табылган. 

Кылмышка шектүү катары 17 жаштагы педагогикалык колледждин студенти кармалды. Окуу жайдын жетекчилиги облус акимчилигине чакыртылды. Бул окуядан кийин жергиликтүү бийлик Кизирик районундагы колледждердин бардык студент кыздарын мажбурлап, гинекологго көрүнүүгө жөнөтүүдө.

Мааледеги активисттердин биринин айтымында, студент кыз өз алдынча төрөп, ымыркайын думуктуруп өлтүрүп, көлмөнүн жээгине алып барып таштаган. “Мен анын атасын тааныйм. Мурун ал биздин райондо тракторист болуп иштечү. Кийин Орусияга кеткен. Кыз ата тарбиясын көргөн жок. Эмнени кааласа ошону жасачу”, –деди ал. Бул окуя боюнча тергөө иштери башталды.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Владимир Жириновский кулап түштү (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful