Templates by BIGtheme NET

Казакстанда камалган депутаттын казак жарандыгы да бар экени тастыкталды

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты, Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экени ырасталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

– Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунда казак жарандыгы бар экенин ырастаган расмий катты бизге жөнөттү. Маалымат тастыкталды.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болом дегендерге башка өлкөнүн да жараны болууга уруксат жок.

Дамирбек Асылбек уулу жана Кыргызстандын дагы эки жараны Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадилов Казакстанда 17-февралда аткезчиликке шектүү катары кармалган. Алар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (“Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү”), 264-беренеси (“Трансулуттук кылмыш тобуна катышуу”) менен айыпталып, эки айга камакка алынган.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Депутат: Айыл өкмөттөр "отметкада" отурушат (ВИДЕО)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful