Templates by BIGtheme NET

Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду

Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Ысык-Көл облустук сотунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп иштеп келген Болот Асанбаев жаш курагына байланыштуу 2018-жылдын 7-февралынан тартып ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу Жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчынын Жарлыгы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 17 жана 27-беренелерине негизделип чыгарылган.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

fakt.kg

Тема боюнча:  Жогорку Кеңеште суунун баасын 100 пайызга көтөрүү сунушталды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful