Templates by BIGtheme NET

Казакстанда кармалган депутат менен Камчыбек Көлбаевдин кандай байланышы бар

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кандай байланышы бар экендигин Казакстандын Время гезити жазып чыкты.

Эскерте кетсек, Казакстанда Жогорку Кеңештин депутаты кармалганы 18-февралда ырасталган. Коңшу өлкөнүн билдирүүсүндө, Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы чек ара аймактарында контрабандалык ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операцияда 29 адам кармалган. Алар бажы, укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү экени айтылат.

Анын үчөө Кыргызстандын жараны: Дамирбек Асылбек уулу, Улан Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров.  Алар 2 айга камакка алынган. Аларга коюлган беренелердин негизинде, алардын мүлкү конфискацияланып, 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Аталган басылманын маалыматына таянсак, Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын кримтөбөлү Есбол менен байланышы бар болушу мүмкүн. Ал дагы депутат чогу кармалгандыгы айтылууда. Мындан сырткары, Есбол бир нече жолу кримтөбөл Камычы Көлбаев (Коля-киргиз) менен жолуккандыгы айтылууда.

Дамирбек Асылбек уулу биринчи жолу Жогорку Кеңешке 2009-жылы 28 жашында  мурдагы президент Курманбек Бакиевдин контролунда турган “Ак Жол” партиясынын тизмеси менен келген. 2015-жылы Асылбек уулу Дамирбек “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен келген. Мындан сырткары ал спортто дагы ийгиликтүү карьера курган. Депутат жергиликтүү гана эмес, чет өлкөлүк кримтөбөлдөр менен дагы байланышы бар болуусу мүмкүн. Жакында эле Асылбек Дамирбек уулунун өзбек бизнесмени (аны мафиози деп дагы аташат) Абдувалиев Салим менен чогу түшкөн сүрөтү жарыялаган. Депутат ал сүрөт 4 жыл мурун спорттук иш чарада түшкөндүгүн билдирген”, деп жазган Время гезити.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Исках Масалиев: “Терек-Сай айылында экология эмес, башка маселе болуп жатат” (ВИДЕО)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful