Templates by BIGtheme NET

Казакстанда кармалган депутат канча жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин  депутаты Дамирбек Асылбек уулуна жана аны менен кошо кармалган дагы эки кыргызстандык жаранга Кыргызстандын Алматыдагы Консулдугу юридикалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Эскерте кетсек, Казакстанда Жогорку Кеңештин депутаты кармалганы 18-февралда ырасталды. Коңшу өлкөнүн билдирүүсүндө, Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы чек ара аймактарында контрабандалык ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операцияда 29 адам кармалган. Алар бажы, укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү экени айтылат.

Анын үчөө Кыргызстандын жараны: Дамирбек Асылбек уулу, Улан Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров.  Алар 2 айга камакка алынган. Аларга коюлган беренлердин негизинде, алардын мүлкү конфискациаланып, 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

fakt.kg

Тема боюнча:  “Парламентте да уюшулган кылмыштуу топтон келген ондой депутат бар”

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful