Templates by BIGtheme NET

“Кыргызстан” фракциясынын кармалган депутат боюнча билдирүүсү

Казакстанда  Башкы прокуратура тарабынан атайын операция өткөрүлүп, анын жыйынтыгында казакстандыктар менен бирге  Кыргызстандын үч жараны кармалган эле. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек  уулу Асылбек дагы бар.  Аталган фракциянын депутаттары кесиптеши боюнча билдирүү таратты.

“Асылбек уулу Дамирбек “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын активдүү депутаты гана болбостон, күрөш боюнча Кыргызстан жана Казакстан Республикаларынын желегин желбиретип, кыргыз спортуна да чоң салымын кошуп келген. Ал аймактардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн көтөрүүдө алгылыктуу бир топ иш-аракеттерди жүргүзгөн жигердүү депутат.

Массалык маалымат каражаттарына таракатылган бул окуя Жогорку Кенештин “Кыргызстан” парламенттик фракциясы үчүн күтүүсүз болду.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, коюлуп жаткан күнөөлөргө депутаттын тиешеси жок деген маалымат бар. Парламенттик фракция  КРнын Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү укук органдары менен тыгыз байланышта болууда. Бул маселеде Казакстандын тиешелүү компетентүү органдарынын мыйзамдарын толук сактоо менен, күнөө коюлуп жаткан кыргыз жарандарынын укуктары тебеленбестен, акыйкат изилденип, чечилет деп ишенебиз” деп айтылат билдирүүдө.

fakt.kg

Тема боюнча:  Кыргыздарга абдан таң калган АКШнын элчиси Дональд Лу(Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful