Templates by BIGtheme NET

Журналист эркинен ажыратылышы мүмкүн

Журналист Элнура Алканова үч жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйында анын жактоочусу Жыргал Бабаев билдирди.

Жыргал Бабаев айтымында, Алкановага коюлган айыптоолор боюнча айып пул,  же үч  жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

«Кылмыш иши азыр прокуратурага өткөрүлүп берилди. Эгер жакшы прокурорго туш келсе, ал тергөөгө кайтарып берет. Анткени Алкановага козголгон иш  мыйзамсыз. Журналисттин банктык жана коммерциялык сырды ачыктаганы далилдениш керек. Ага далил жок туруп, иш  козгоп жатышат», -деди Жыргал Бабаев.

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы «Коммерциялык,  же банктын жашыруун сырды мыйзамсыз алгандыгы» жана «Коммерциялык, банктын жана салыкчы төлөөчүнүн өздүк маалыматын элге жарыялагандыгы» беренелери менен айып таккан.

Маалымат жыйында, журналист Элнура Алканова коомчулукка кайрылып, ага карата козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун чогуу көзөмөлгө алууга чакырды.

“Мен өзүм укугумду жалгыз коргой албайм. Журналисттер мыйзамсыз иштерди коомго алып чыгып, анын жыйынтыгында пайда алып келиш үчүн иштейт. Эгер коомго журналисттик иликтөөнүн кереги жок болсо, анда журналистиканын мааниси да жок болот”, – деди Алканова.

Элнура Алканованын маалыматында, Максим Бакиевдин «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги үйлөр салынган «Идеал Хаус» компаниясынын ээлиги 2010-жылдагы окуялардан кийин улутташтырган. Аны жакында мамлекеттик мүлк фонду 142 миллион сомго сатылганын жарыялады. Аны «ВостокТехКомплект» ишканасы сатып алды. Бул компаниянын артында мурдакы премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу тургандыгы айтылган.

Ошондой эле, журналисттин маалыматында  «Идеал Хаус» компаниясына тиешелүү аймакты «БТА Банктын» директорлор кеңешинин башчысы Темир Рыскулов сатып алгандыгы айтылат. Темир Рыскулов өкмөт башчысы Сапар Исаковдун классташы жана досу.

fakt.kg

Тема боюнча:  «Макмал» алтын кени эмне үчүн жабылды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful