Templates by BIGtheme NET

Путиндин штабы федералдык каналдардагы эфирдик убактысынан баш тартты

Орусия президенти Владимир Путиндин шайлоо штабы федералдык каналдардагы акысыз эфирден баш тартты. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфилованын айтымында, мындай арыз 10-февралда түшкөн. Бул тууралуу телеканалдар ошол эле замат кабардар болушкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Майя Гришина Путиндин штабы аймактык каналдардан эмес, жалпы орусиялык телеканалдардагы дебаттардан гана баш тартканын тактап өттү. Штаб үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген эфирдик убакытты колдонот.

“Чучукулакка баардыгы болуп беш канал катышат : Биринчи, “Россия 1”, “Россия 24”, “ТВ Центр”, ОТР – жана үч радиоканал. Аймактарда 338 телеканал менен 280 радиодо бекер убакыт болот. “Коммерсант” жазгандай, ар бир талапкер үчүн бир саат убакыт берилет. Партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге кошумча дагы бир саат бөлүнөт”, – деди Элла Памфилова.

Бул арада “Яблоко” партиясы шайлоо кампаниясы кызуу жүрүп жаткан маалда Оливер Стоундун “Путин” фильмин мамлекеттик каналдардан көрсөтпөө талабы менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

fakt.kg

Тема боюнча:  Өзбекстанда окуучулардын чекесине "эки" койгон мугалим сурак берүүдө

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful