Templates by BIGtheme NET

Артем Новиковго акча төлөп кыргыз тилин үйрөтүү зарылбы?

Экономика министрлиги өз кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүү боюнча тендер жарыялады. Жарыясы zakupki.gov.kg мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.

Аталган мекеменин кызматкерлери кыргыз тилин үйрөнүүгө 288 миң сом кетет экен.  Ал эми, министр Артем Новиковдун жеке өзүнө сабак берген мугалимге 36 миң сом төлөнөрү жазылган. Министрдин үйрөнүшү үчүн айына 12 миң сом кетет. Эгерде, үч айдан кийин Артем Новиков кызматынан кетип, аны ордуна дагы кыргыз тилин билбеген бирөө келсе дагы 36 миң сом кетиребизби? Мейли катардагы кызматкерлерге мамлекет тилди үйрөнүүгө акча бөлсүн, бирок министр ачка калса дагы айлык акысынан үйрөнсө болбойбу? Катардагы кызматкерлер узак мөөнөткө иштешет, министрлер эртең кызматтан кетип калышы мүмкүн. Эмне ушунчалык эле Артем Новиковго акча төлөп кыргыз тилин үйрөтүү зарылбы?

Максат Ибрай 

fakt.kg

Тема боюнча:  Жыгач аттар боюнча министрликтеги кызматкерлер суракка чакырылып жатат

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful