Templates by BIGtheme NET

Тазалана турган адамдар Жээнбековдун жанында

Коопсуздук кеңеши өттү. Көпчүлүк эл колдоп, эми коррупциядан тазаланып элге көңүл бөлгөн мезгил келди дешип, кандай болот экен мындан ары дешип  эле күтүп турушкан учуру. Чоң коррупция менен күрөш жүргүзөм деп президент катуу талап коюп, күч органдарыбыздагы кемчиликти көргөзүп, мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөөнү прокуратурадан күчөтүү боюнча тапшырманы берип жаткан учурда, 7-канал көрсөткөндөй башкы прокурор менен ИИМдин министри эмне кыласын таризинде бурчта күлүп турушканы элди ойлондурбай койбойт. Жарымында иш жабылып, сотко жетпей, жетип соттон өтпөй турганы эмнени каңкуулайт. Албетте, акчаны. Акчасы жок эле бүттүбү ошол иштер. Ким кайсыл иштерди кыскартса, кайра тактап алардын өзүнө кылмыш ишин козгоп, камап коюуга күч органдарынын башчыларынын эрки жетеби. Ким билет.

Ошол коопсуздук кеңешинде катышып олтурган 96 миллион сомду Матрезерв фондунан 2010-жылы алып ошондон бери төлөбөй жүргөн Баткендин губернатору А. Халмурзаевди кызматынан алып же карыздарын төктүргөнгө кантип болбосун.

Максат Ибрай 

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful