Templates by BIGtheme NET

Чүйдө жигит сойкуну туура жолго салам деп өлтүрүп алган

Чүй облусунда айдоочу жолуна тоскоол болгон кызды өлтүрө сүзүп кеткен. Сот айдоочуну күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркинен ажыратуу  боюнча өкүм чыгарды. Мындан сырткары 3 жыл унаа айдаганга тыюу салды. Бул тууралуу kaktus.media маалымат порталы жазып чыкты.

Окуядагы адамдардын аттары өзгөртүлгөн.

Кырсык болгон күнү Урмат мас абалында Назик менен Беловодск айылына бара жатышкан. Алар уруша кетишип, Назик унаадан түшүп кеткен. Урмат унаасын айдайын дегенде, жолуна тоскоол болуп туруп алат. Жини келген Урмат кызды сүзүп кетет. Алган жаракатынан улам кыз ошол жерден өлөт.

Урмат Назиктин сөөгүн Петровка айылына алып бары көмүп салган. Сөөктү туристтер таап алышкан.

Соттолуучу Урмат күнөөсүн жарым жартылай мойнуна алып, өкүнүп жаткандыгын айткан. Маркум кыздын апасы Гүлзат кызы кафелердин биринде официант болуп иштеп жүргөндүгүн айткан. Мындан сырткары кызы саунада иштеп жүргөндүгүн дагы уккан. “Кызым үйгө көп түнөбөй калчу. Өзүн өзү өлтүрүүгө дагы аракет кылган”, деп айткан апасы.

Назик Россияга иштегени кетип, ал жерден боюнан бүтүп келген. Кызын апасы багып жүргөн. Назик апасына келип, Урмат менен тааныштырып, алар чогу жашаарын билдирген. Кызын дагы өзү менен чогу алып кеткен. Кийинчерээк кызын туугандарына алып келип таштаган.

Гүлзат кызын чала албай, Урматка чалса, ал Назик Россияга кеткендигин айткан.  Сотто Гүлзат кызын өлтүргөн адамга доо-арызы жок экендигин билдирип, кылмыш ишин токтотууну суранган. Урмат кыздын апасына моралдык-материалдык компенсация төлөп берген. Күбөлөрдүн айтымында Назик сауналардын биринде сойку болуп иштеп жүргөн. “Назик чын эле сойку болуп иштеп жүргөн. Урмат менен таанышып, сүйүшүп калгандан кийин жумушун таштаган. Урмат аны туура жолго салуу ниети менен жумушунан чыгарып алган”, деп билдирген күбө.

fakt.kg

 

 

Тема боюнча:  Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңчал чыкты

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful