Templates by BIGtheme NET

Сириядагы аскердик операцияга вандык кыргыздар да катышууда

Түркиядагы “Кыргыз түрктөрү” маданият коомунун мүчөсү Бүнямин Токер билдиргендей, Сириянын Африн аймагында операцияга катышып жүргөн түрк армиясынын катарында вандык жыйырмадай кыргыз бар.

– Биз Анкара шаарында кыргыздар чогулуп, Афринде согушуп жаткан аскерлерибизге колдоо жана көңүл буруу үчүн боз үй тигип, палоо басып элге тараттык. Миңдеген түрк аскерлеринин арасында биздин Улуу Памир айылынан жыйырмадай жигит жүрөт, – деди ал.

Түркия Сириянын түндүк-батышындагы “Зайтун бутагы” деп аталган аскердик операциясын 20-январда баштаган. Түрк армиясы бул аймактан күрт кошуундарын сүрүп чыгып, 30 чакырымдык “коопсуз тилке” түзүүнү көздөп жатат.

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында эки миңден ашык кыргыз отурукташкан. Ал эми жалпы Түркия боюнча беш миңге чукул кыргыз жашайт.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Бишкекте кездеме саткан дүкөн өрттөнүп кетти

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful