Templates by BIGtheme NET

Текебаев абактагы жашоосу жана эң негизги саясий катасы тууралуу айтып берди

Азыркы учурда абакта жаткан “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн абактагы жашоосу жана негизги саясый катасы тууралуу  «24.kg»  маалымат агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, камакка алынгандан бери анын кадыр-баркын тепсөө аракети болгон жок.

«Мен түрмөдө олтурам. Бул өзү арыз-даттанууга болбостугун билдирет. Негизинен 2000-жылы абакта жаткан Феликс Куловду көргөнү барганда ал «коркпо, ишенбе, ашыкча сүйлөбө, суранба» деген эрежелер боюнча айткан эле. Мен азыр ошол кеңешти карманып жашайм. Негизинен менин суранычым боюнча өзүмчө жалгыз камерадамын. Негизи менин оппоненттерим кармалгандан бери колума кишен салып, же башка жол жооруктары менен мени баркымды тепсешкен жок» — дейт саясатчы.

“2010-жылы Парламенттик жыйындан кийин президент Роза Отунбаева КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевге Конституциянын негизинде реформа жүргүзүүнү тапшырган. Атамбаев ал реформаны өткөргөн. Ошондо, Роза Отунбаева өкмөттүн курамын түзүү үчүн мандатты  “Ата-Мекен” фракциясына, тагыраак айтканда мага  берээрин жар салган эле. Мен андан баш тартып, Өмүрбек Бабановго бериңиз дегенмин. Өмүрбек Бабанов Алмазбек Атамбаевди өкмөт башчылыкка көргөзгөн. Кийин Алмазбек Атамбаев өлкөнүн президенти болуп шайланган. Көптөгөн саясатчылар жана фракция лидерлери мандаттан баш тартпоону талап кылышкан эле. Мен аларды укпай койдум. Мен ушуну эң негизги саясый катам деп эсептейм”, деп билдирген Өмүрбек Текебаев.

Fakt.kg

Тема боюнча:  Камчыбек Жолдошбаев уялып өзү эле кетпесе...

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful