Templates by BIGtheme NET

Мынча акча менен “Раим миллион” жарылып кетмек

Бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Ниязалиев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдиргенине караганда, 2017-жылдын январь айында Ош бажысынан 168,5 млн. сом гана чогулган. Быйыл январда Ош бажысынан 591 миллион сом жыйналган. Мурунку жылга караганда беш эсе көп  топтолгон.

Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары “Раим миллион” каймана аты менен белгилүү Райымбек Матраимов  кызматтан алынгандан кийин бир канча эселеп бажыдан акча түшүп жатат. Эл арасында “Раим миллиондун” чөнтөгүнө ушунча акча түшүп жүргөнбү деген сөздөр айтылып жатат. Бийлик тарап кайдан, эмненин негизинде бажыга түшкөн акчалардын көбөйүп жатканын түшүндүрүп  айтыша элек. Болгону “Раим миллион” кызматтан кеткенден кийин эле акчалар агылып түшө баштады дегендей кылып жатат. Ал эми, “Раим миллион” эч кандай өз пикирин билдире элек. “Раим миллиондун” да унчукпаганына караганда, анын да убагы келгенде айтар сөзү болуш керек. Болбосо,  өзү жалгыз мынча акча менен “Раим миллион” жарылып кетмек да.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful