Templates by BIGtheme NET

Кытай полициясы «акылдуу» көз айнектерди пайдалана баштады

Кытайдын полициясы адамды жүзүнөн тааный ала турган атайын күндөн калкалоочу көз айнектерди пайдалана баштады. The Wall Street Journal басылмасынын маалыматы боюнча, анын жардамы менен полициячы кылмышкердин ким экенин 100 миллисекунддун ичинде эле аныктап коет.

Жаңы технология полиция кызматкерлерине видеокөзөмөл камералары орнотулбаган жерлерде жардам берет. Укук коргоо органдары атайын көз айнектердин жардамы менен кылмышка шектелген жети кишини колго түшүрүүгө жетишти. Андан тышкары жасалма документ пайдаланып жүргөн 26 киши аныкталган.

Бирок мындай технологиянын колдонулушу укук коргоочуларды тынчсыздандырууда. Алар көз айнектер диссиденттерди жана улуттук азчылыктарды аңдуу үчүн пайдаланылат деп эсептешүүдө.

Расмий статистика боюнча, Кытайда 170 миллиондон ашуун камера орнотулган— бул дүйнөдөгү эң ири видеокөзөмөл системасы. Өлкө бийлиги адамдарды жүзүнөн таануу технологиясын улуттук азчылыктарды аңдуу үчүн пайдалангандыгы үчүн бир канча жолу сынга кабылган.

fakt.kg

Тема боюнча:  Капуста сатып жаткан жеринен ала качып кеткен кыз видеону тараткандарды сотко берет (видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful