Templates by BIGtheme NET

Сапар Исаков: “Бардык күнөөлүү жазаланат”

Премьер-министр Сапар Исаков ТЭЦтеги түзүлгөн кырдаал боюнча калаа тургундарына кайрылуу жасады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

“Түзүлгөн кырдаал үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм жана актангым келбейт. Абал тыкыр иликтөөгө алынат. Бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланат. Бүгүнкү күндө шаар тургундары үйлөрүн жылытууда электр энергиясын өтө көп керектеп жатышат. Ошонун натыйжасында Бишкек жылуулук тармагына күч келип, анын иши үзгүлтүккө учурады. Чындыгында түзүлгөн кырдаал бул тармактагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Жалпы энергетикалык сектор реформага, кошумча инвестицияларды тартууга, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындыгын жогорулатууга муктаждыктын бар экендигин дагы бир ирет көрсөттү. Өкмөт бул ишке артыкчылык катары катуу көңүл бурат. Биз бул секторду реформалоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Учурда бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеп баштады. Шаарды жылуулук менен камсыздоо тутумун тез арада калыбына келтирүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иштер жүрүп жатат”, — деп
жазылат кайрылууда.

fakt.kg

 

Окшош материалдар:  Базар-Коргондо элдин көзүнчө 19 жаштагы жигитти өлтүргөн жаранга сот өкүм чыгарды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful