Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн атайын ыйгарымдуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевди жакында эле гезиттердин бири “Жогорку билими жок, самса сатып жүрүп эле диплом сатып алган” деп жазып чыккан.
К.Сатыбалдиевдин жогорку окуу жайда чогуу окуган группалаштары андай маалымат жалган экенин билдиришти. “Биздин Экономика жана ишкердик” университетинде өз кесиби менен иштеген студенттерге “свободное посещение” берилчү. Алар үчүн сабактардын 30 пайызына катышып калган убактысында иштей беришчү”,-дейт анын группалашы Равшанбек Исабеков. Андан тышкары айтылып жаткан ушактар чындыкка дал келбей турганын мындайча белгиледи: “Чынында өтө жакын дос эмес элек, жашы улуу жана иштегендиктен лексиядан кийин кетип калчу. Диплом сатып алды деген ушактар жалган, чындыкка эч жакындабайт”,-дейт Исабеков.
fakt.kg