Templates by BIGtheme NET

Өзбекстандын прокуратурасы эски кадрлардан «тазаланууда»

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев прокуратура жана Каржы министрлигинин кызматкерлерин сындагандан кийин аталган мекемелерди эски кадрлардан «тазалоо» иштери башталды.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын алдындагы Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлеринин бири мекеме башчысы көптөгөн жылдар бою кызматтык милдеттерин адискөйлүк менен аткарып келген эски кадрлар иштен алынып жатканын билдирди.

– Мен Сот департаментинде көп жыл иштедим жана өз ишимди жакшы билем. Бирок жетекчилик «Сен президент айткан келемиштердин бирисиң, уурусуң, арызыңды жазып кет» деди. Коллегиялык жыйындарда эски кадрлардын дарегине көптөгөн кемсинткен сөздөр айтылып, бизди мурдагы баш прокурор Рашид Кадыров маалында элди тоногон уурулар деп айтышат, – деди ал.

Анткен менен Башкы прокуратуранын кадрлар бөлүмүнөн мекемеде «жүрүш-турушу начар жана опузалап акча алуу менен алектенген» кызматкерлер жумуштан кетирилип жатканын билдиришүүдө. «Бирок бул алардын бардыгы иштен алынат дегенди билдирбейт. Айрым татыксыз кадрларга дисциплинардык жаза-чаралар көрүлүүдө. Эгер ММКларга даттанган кызматкер чынында эле тажрыйбалуу адис болсо, анда анын маселеси жакшы жакка чечилет», – деди ал.

Президент Шавкат Мирзиёев видеоселектордук жыйындардын биринде «прокуратура органдарынын 80 пайызы ууру» экенин айткан. Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылдын 11 айында 7 миңден ашык прокуратура кызматкери дисциплинардык, 201 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Өткөн жылдын 23-декабрынан тарта өлкөнүн Каржы министрлигинде дагы кызматкерлер жапырт жумуштан алына баштаганы кабарланган. Андан мурдараак Шавкат Мирзиёев бул мекеменин ишин дагы сындаган.

fakt.kg

Тема боюнча:  Өзбекстанда жигит өзүнүн үйлөнүү тоюна катышпай калды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful