Templates by BIGtheme NET

Чубак ажы Жалилов депутаттарды сотко берди

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов Жогорку Кеңештин эки депутаттары  Эльвира Сурабалдиеваны,  Аида Касымалиеваны  жана укук коргоочу Азиза Абдурасулованы “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси  Бүбүсара Рыскулованы сотко берет. Бул тууралуу Чубак ажынын жактоочусу Акин Токтоналиев маалымат булактардын бирине билдирген.

Эскерте кетсек, КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Чубак ажынын экинчи аял алуусуна өкмөт үн катпаганына  нааразы болгон эле. Кесиптешин колдогон депутат Эльвира

Сурабалдиева Кыргызстандын Конституциясында “аялдар менен эркектердин укугу бирдей” деп жазылганын, акыйкатчы, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура “Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу” мыйзамынын сакталышын текшериши керек деп айткан.

Укук коргоочу Азиза Абдрасуловадагы Чубак ажы Жалиловду жоопко тартууну талап кылган.

Анын айтымында, мурдакы муфтий мыйзамдарды тебелөө менен бирге, башкаларды дагы кылмышка түртүп жатат.

«Башкы прокуратура кайрылып, укуктук баа беришин талап кылабыз. Негизинен ишти кароого негиз бар. Анткени, Чубак ажы Жалилов өзү ачык моюнга алып жатат. Андан тышкары, кылмыштуу жашыруу деген да жоопкерчилик бар. Биз баарыбыз Чубак ажынын кылмыш жасаганына күбө болдук. Аны жашырбай укук коргоо органдарына билдиришибиз керек» – деп билдирген Азиза Абдрасулова.

fakt.kg

 

Тема боюнча:  Албек Ибраимов бир добуштан кызматтан алынды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful