Templates by BIGtheme NET

Киреше жана чыгашаны аныктоо боюнча декларация толтуруу башталды

Кыргызстанда жарандардын киреше жана чыгашаларын аныктоо боюнча декларация толтуруу  башталды.  Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1-мартка чейин декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Ал эми, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу, кыймылсыз  мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин декларацияны тапшырышы керек.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке адамдарга эки миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

fakt.kg

Тема боюнча:  «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» оппозицияда калды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful