Эки күн мурун уурдалган кыз табылды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.
Эскерте кетсек, Бишкектин 7-кичи районунда чак түштө 7-8 жигит бир кызды ак түстөгү « Honda Step Wagon» үлгүсүндөгү унаага салып уурдап кетишкен.
Милиция аталган унаанын кожоюнун өздүгүн такташкан. Бирок ал катталган дарек боюнча табылган эмес.
Милицияга уурдалганды кызды издеп эч ким кайрылган эмес. Табылган кыз боюнча дагы кененирээк маалымат берилет.
fakt.kg