Templates by BIGtheme NET

Жалал-Абад жаштары экстремизм, терроризмге жана эрте турмуш курууга каршы

Бүгүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ИИМдин 10-башкы башкармалыгы, Жалал-Абад ОИИБнын 10-бөлүмү, Жол кыймылынын коопсуздук кызматы, жаш өспүрүм менен иштөө кызматкерлери, эл аралык толеранттуулук борбору, дин өкүлдөрү менен биргеликте “ Экстремизм жана терроризмге каршы күрөшү”, “Эрте турмуш курууга бөгөт кою”, жана “өз өмүрүнө кол салуунун алдын алуу” деп аталган темада 200 ашуун студенттердин катышуусунда иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чаранын максаты жаштарды терс көрүнүштөн оолак болууга, жана социалдык тармактан ар кандай адамдын ишеничине кирип алдоо максатында жайылып жаткан маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, ошондой эле кылмыштуулукка барбоого, эрте турмуш куруу боюнча жана өз өмүрүнө кол салбоого чакыруу болуп саналат. Мындагы иш-чаранын жүрүшүн ИИМдин 10-башкармалыктын өкүлдөрү жаштарга азыркы учурдагы дүйнөдөгү экстремисттик көрүнүштөрдүн өсүү тенденциясы коопсуздуктун негизги коркунучтарын жана ушуга байланыштуу ички иштер органдары ар кандай маанидеги экстремисттик  уюмдардын укукка жат ишмердүүлүгүн аныктоого жана бөгөт коюу боюнча кенен мааниси менен терең жеткирип лексияларын өтүштү. Ошондой эле жаштар жол кырсыгы жана эрте турмуш куруу жана өз өмүрүнө кол салуунун  алдын алуу боюнча да тиешелүү кызматкерлер айтып өтүштү. Мындан сырткары студенттер арасында жогорудагы темалар боюнча дил баян жазышып, жыйынтыгында мыкты жазган студенттер сыйлыктар менен сыйланды. Белгилей кетсек ушул темадагы иш-чара шаар райондордун мектеп жана окуу жайларда өткөрүлүүдө.

fakt.kg

Тема боюнча:  Чүйдө 43 жаштагы аял 22 жаштагы кызды сабап салган

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful