Templates by BIGtheme NET

Россиялык депутат Кыргызстанга эмне үчүн кайрылды

Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын курама командасына Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарына катышууга тыюу салды. Буга Орусиянын бийлиги колдоого алган допинг программасы себеп болгону айтылды. Анткен менен комитет кызытма чыкпаган “таза” спортчуларга Олимпиадада Орусиянын эмес, нейтралдуу желек менен чыгууга уруксат берди.

Мындай чечим 5-декабрда эл аралык комитеттин Лозаннада өткөн жыйынында Самуэл Шмид жана Денис Освалддын баяндамасы каралган соң чыгарылды. Мындай чечимден кийин Россиянын мамлекеттик думасынын депутаты Виталий Милонов БРИКС менен бирге Белорусиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын  олимпиада оюндары боюнча улуттук комитеттеринин жетекчилерине 2018-жылы өтө турган кышкы Олимпиадалык оюндарга катышуудан баш тартууга чакырды.  Бул тууралуу РИА «Новости» маалымат агенттиги жазып чыкты.

“Эгерде Россиянын курма командасы Олимпиадалык оюндарга катыша албаса, силер дагы тилектештикти көрсөтүп, оюндардан баш тартууңарды сунуштайм ”, деп билдирген депутат Виталий Милонов.

БРИКС – Беш өлкөдөн түзүлгөн уюм. Ал өлкөлөр Бразилия, Россия, Индия, Китай, Түштүк-Африка Республикасы кирет.

Тема боюнча:  Дастан Бекешов: "Депутаттар ажатканага чылым чеккенин токтотпосо мен башка кадамдарга барам"

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful