Templates by BIGtheme NET

Окуучуларды «силер кедейсиңер» деп урушкан мугалим жумуштан алынды

 Окуучуларды кемсинткен мугалим иштен алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы Крупской атындагы мектептин мугалими Перизат Курманкожоева педагогдун кадыр-баркына доо кетиргендиги үчүн иштен алынды.

«Мугалим мектептеги бир кечеге тамак алып келбеген балдарды, кемсинтип, «силер кедейсиңер» деп урушкан», — дейт министрлик.

Аталган мектептин директоруна сөгүш жарыяланды.

Буга байлныштуу билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева мугалимдерди педагогикалык этиканы сактоо талабы менен буйрук чыгарып, аны өлкөдөгү баардык мектептерге жөнөттү. Буйрукта ар бир мектепте мугалимдердин чогулушун өткөрүп, тааныштыруу тапшырмасы да коюлат.

fakt.kg

Тема боюнча:  Бишкектен Тюменге бара жаткан автобус оодарылып калган

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful