Templates by BIGtheme NET

Өзбекстанда план аткарбаган фермерлердин мүлктөрүн күчтөп тартып алышууда (видео)

1-декабрда Мажбурлап аткартуучулар бюросу менен милиция кызматкерлери Сурхандарья облусундагы фермер Ибрагим Холназаровдун үйүнө мыйзамсыз кирип барышып, анын бир канча кап күрүчүн күчтөп тартып алууга аракет кылышкан.

Облустун Музрабад районунда жашаган 65 жаштагы фермердин айтымында, Мажбурлап аткартуучулар бюросунун кызматкерлери аны буудай жана күрүч тапшыруу боюнча планды аткарган жок деп негизсиз айыпташкан. Алар район башчысынын буйругу менен милициянын коштоосунда келип, күрүч түшүмүн тартып алууга аракет кылышкан.

“Биз аларга дарбазаны ачпай койгонбуз, анан дубалдан ашып өтүштү. Кампаны ачып, күрүч салынган каптарды унаага жүктөп кетүүгө аракет кылышты. Бирок мен аларга план боюнча эч кандай карызым жок экенин ырастаган документтерди көрсөткөндөн кийин каптарды кайра түшүрүп, кетип калышты”, – деди фермер.

Бирок район башчысы Жовли Холмурадов фермердин түшүмүн күчтөп тартып алуу аракети тууралуу маалыматты четке какты. “Анда эч кандай тоноо болгон эмес. Алардын жеңилдетилген насыялар боюнча салыкчыларга карызы болгон. Мажбурлап аткартуучулар бюросунун кызматкерлери өз ишин кылышты. Эч кандай жаман окуя болгон жок. Эч ким эч кимди уруп, тилдеген жок. Бардыгы мыйзам чегинде болгон”, – деди ал.

Бирок аткаминер Мажбурлап аткартуучулар бюросу райондогу 530 фермердин карыздарын текшерип жаткандыгы тууралуу маалыматтарды ырастады.

Ошол эле маалда өз булактар аталган райондо жергиликтүү бийлик карызы бар фермерлердин айыл-чарба түшүмдөрүн, малын жана автоунааларын тартып алып жаткандыгын кабарлашууда.

fakt.kg

Тема боюнча:  Казакстандын жаштары башка өлкөгө кетүүнү каалайт

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful