Templates by BIGtheme NET

10 тонна сурьма ташын мыйзамсыз ташып жаткандар кармалды

Бүгүн таңкы саат 08-00 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагынан өткөн Ош-Бишкек жолундагы жайгашкан ашканалардын астынан Сузак РИИБнин Кылмыш иликтөө кызматкерлерине түшкөн оперативдүү маалыматтын негизинде, 2 жүк ташуучу Мерседес-Бенс үлгүсүндөгү жүк ташуучу авто унаалар жана башкарып бара жаткан 2 айдоочусу (Ала-Бука 4районунун тургундары) менен кармалып, Сузак РИИБнин короосуна алып келип калыстардын катышуусунда текшерилди. Текшерүү учурунда “Сурьма ташы” бар болушу мүмкүн деген оперативдүү маалымат тастыкталды. Башкача айтканда, алгачкы ыкчам текшерүү учурунда, жүк ташуучу авто унаанын артында мүшөкө салынган, болжол менен жалпы 10 тоннанын айланасында (ар биринде 5 тоннадан) “сурьма ташы” чыкты. Алынган заттын үлгүсүн тастыктоо максатында экспертизага жиберилет.
Аталган факт боюнча Сузак РИИБнин кылмыштарды каттоо китепчесине катталып, топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (Финансы полициясына) өткөзүлөт.

21

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful