Templates by BIGtheme NET

Кыздарга жагайын деп ырдаган Жогорку Кеңештин депутаты

7-ноябрь – Эл аралык студент күнү. Эл аралык студенттердин күнү 1946-жылы 17-ноябрда Чехиянын борбору Прагада студенттердин дүйнөлүк конгрессинде бекитилген. Албетте студенттик күн жаштыктын, шаттыктын жана романтиканын майрамы.  Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов  студенттерди куттуктап, студенттик күндөрүн кантип өткөргөнүн айтып берди.

Студенттик күндөр бул эң жакшы күндөр. Студенттик күндөрдө мен жатаканада жашадым. Көптөгөн жакшы адам менен тааныштым. Ал  жаш кез да, чогулуп алып дискотекага барат элек. Искусство институтунда дос балдар окушчу, ошол жерге барып акардион менен ырдачубуз кыздарга жагалы деп. Чогулуп алып Бишкекти жөө кыдырып жүрчүбүз. Студенттерге кааларым, жакшы окушсун. Кыргыз элинин керегине жараган адистер чыгышсын. Келечек жаштардыкы эмеспи, Кыргызстандын өнүгүп өсүшүнө салымын кошкон мыкты кадрлар чыга берсин.

Маалымат үчүн:

Икрамов Тазабек Жогорку Кеңештин депутаты. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун «Дене тарбия мугалими» адистиги боюча, 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful