Templates by BIGtheme NET

Жатаканада кыздардын тамагын уурдаган тентек депутат

17-ноябрь – Эл аралык студент күнү. Эл аралык студенттердин күнү 1946-жылы 17-ноябрда Чехиянын борбору Прагада студенттердин дүйнөлүк конгрессинде бекитилген. Албетте студенттик күн жаштыктын, шаттыктын жана романтиканын майрамы. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев студенттерди куттуктап, студенттик күндөрүн кантип өткөргөнүн айтып берди.

Биринчиден, Кыргызстандын баардык студенттерин майрам күнү менен чын дилимден куттуктайм. Студенттик кез, эч качан кайра кайрылбай турган кез. Ушунчалык таттуу, сонун  күндөр. Адамдын жаш курагы кырчындай кырчылдаган жигиттик күн, ошол студенттик күн. Мен студенттерге жакшы окугула деп айтып кетет элем. Жакшы билим алыш керек. Азыркы учурда жогорку окуу жай көп, биздин убакта аз болчу. Аз болсо да сапаттуу билим алчубуз. Студенттер сапаттуу билим алганга өздөрү дагы талыкпай аракет кылыш керек. Ар бир студент жөн эле дипломду алып чөнтөккө салып койбостон,  мен адис болом, мен окуу жайды бүткөндөн кийин кесибим менен иштей алам деш керек.

Мен студент кезде башыман далай окуялар өттү. Мен негизи жаш кезде тентегирээк, шайыр, анан активист  студент болчумун. Студент кезимде спорт менен машыгып жүрдүм. Окуудан кийин кыздар менен балдар чогулушуп гитара чертип ырдап отурчубуз. Айылдан эт келсе дагы чогула калып бирге жечүбүз. Жатаканада кыздардын тамагын уурдап, анан терезеден киребиз деп чалкабыздан кулап кеткен күндөр да баштан өттү (күлүп). Эсте калган күндөрдү айтсам. Бир жол жатаканада жашап жүргөндө кыздар ашканага тамак бышырып жаткан экен, өзүбүздөн кичүү баланы казанды алып кел биз карап турабыз деп жөнөттүк. Ал казанды алганда кыздар көрүп калып, артынан кубалашат, ал дааратканага кире качып чыкпай койгон. Ушундай бактылуу шайыр студенттик күндөр өткөн.

Маалымат үчүн:

Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин депутаты. Жогорку билимдүү. 1985-жылы Фрунзедеги Советтик соода техникумун “Товар таануу жана өнөр жай товарларынын соодасын уюштуруу” адистиги боюнча, 2005-жылы Кыргыз улуттук университетин “финансы жана кредит” адистиги боюнча, 2013-жылы Кызыл-Кыядагы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин (КМТУ) алдындагы Жаратылышты пайдалануу жана геотехнология институтун “тоо-кендери жаткан жерлерди иштетүү” адистиги боюнча аяктаган. 

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful