Templates by BIGtheme NET

Алмаз Жутанов: “Бакыт Төрөбаев өзүм билимдик кылып, өз кызыкчылыгын жасап жүрөт”

25-октябрда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы кезексиз жыйын өткөрүп, үч депутатты фракциядан чыгарышкан. Анткени алар партиянын саясатына каршы, фракциянын ичинде интрига жүргүзүшкөн деген негиз менен Тазабек Икрамов, Алмаз Жутанов жана Камчыбек Жолдошбаевди фракциядан чыгарылышкан . Бул тууралуу депутат Алмаз Жутановдун өз оюн билдик.

-Мен кечинде уктум. Мен кечээ кечке чейин Жогорку Кеңеште жумушта болгонмун. Бирок, мага эч ким фракциянын жыйыны болот деп айткан жок. Мен өзүм угуп таң калдым. Маалымат булактарына фракциянын лидери алмашат деген маалымат чыккан окшойт. Булар (ред.депутаттар) коркуп кетишип, бизди чакырбай, үчөөбүздү чыгарып коюшуптур. Биз түшүнбөй калдык.

-Эми кандай кадамдарга барайын деп жатасыңар?

-Бүгүн биз алар менен жолугуп, сүйлөшөлү десек, бүгүн  (ред. фракциянын депутаттары) жумушта жок экен. Чакырбай туруп эле, өзүм билимдик кылып чыгарып салышты. Эми убакыт көргөзөт. Кыргызда сөз бар го “корккон биринчи кол көтөрөт” деп, ошондой болуп калды. Фракциядан чыккандар түшүнбөй калдык.

 -Негизи лидериңер Бакыт Төрөбаевге нааразычылыгыңыз барбы?

-Кийинки мезгилдерде Бакыт Эргешович фракциядагы депутаттар менен кеңешпей, өзүм билимдик кылып, өз кызыкчылыгын жасап жүрөт. Анын мындай кадамдарын башка депутаттар дагы билет. Менде ушул күнгө чейин фракциянын лидерин алмаштыруу оюмда жок эле. Ушундай кадамдарга барып жатса туура эмес го. Эми ойлонуп калдык.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful