Templates by BIGtheme NET

Алмазбек Атамбаев кыска жана нуска сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-октябрда, сот системасынын кызматкерлери үчүн көп батирлүү эки үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула салды.

Мамлекет башчысы ири панелдүү эки турак жайдын курулушу түшкөн жерди кыдырып, курулуштун башкы планы менен таанышып чыкты. Андан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева менен Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн сот системасынын кызматкерлери үчүн курула турган үйдүн фундаментине капсула салышты. Президент акыркы жылдары мамлекет аскер кызматкерлерин, чек арачыларды, куткаруучуларды, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл буруп жатат. Алмазбек Атамбаевдин айтымында бул масштабдуу иш мындан ары дагы улантылып, мындан ары дагы мамлекет турак жай курууга жана социалдык жактан коргоого каражат табууга милдеттүү.

Алмазбек Атамбаев буга чейин көп эле турак жай  курула башталышына капсула коюп же ачкычты тапшырып жатканда Текебаевди баш кылып, Бабановду жаш кылып  кеңири саясаттан сүйлөп берчү. Шайлоо бүткөндөн кийинки мындай иш чарада президентибиз кыска жана нуска сүйлөп эле кетти.

fakt.kg

Тема боюнча:  Саясатчы Бектур Асановго түрмөдө операция жасалды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful