Templates by BIGtheme NET

Өмүрбек Бабановдун Он-Адырдагы видеосу монтаж эмес экендиги аныкталды

Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановдун Оштун Амир-Темир (Он-Адыр) кичи районунда шайлоочулардын алдында сүйлөгөн сөзүндө улут аралык кастыкты козутуу бар экени жана ал монтаж эместиги аныкталганын билдирди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө “саясий-филологиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча Бабановдун ошол сөзүндө улут аралык кастыкты козутуу белгилери, жарандарды бийликке баш ийбөөгө чакырыктар, калайман башаламандык жана улут аралык негизде активдүү аракеттерге түртүшү ыктымал сөздөр бар экени, видеофонографиялык изилдөөдө тасмадагы үн Бабановдуку экени жана ал монтаждалбаганын аныкталган”, -деп айтылат.

Бабановдун өкүлдөрү видеону монтаждап, жайылткан адамдар улут аралык кастыкты козутканы үчүн жоопко тартылышы керектигин билдирип чыгышкан.

Акыркы маалыматка караганда УКМК кошумча текшерүү иштерин жүргүзүп,  алардын жыйынтыгына жараша процессуалдык чечим кабыл алынары айтылып жатат.

fakt.kg

Тема боюнча:  Күч органдарынын кызматкерлерине коррупциялык ишмердикке аралашуусуна жол бербеш керек

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful