Templates by BIGtheme NET

Президент кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча пикирин билдирди

Бүгүн, 13-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусуна караштуу  Бужум айылындагы Тууру-Таш участогунда аскер кызматкерлерине курулган үйдүн ачылышында казак-кыргыз чек арасында болуп жаткан абалга пикирин билдирди.

“3 000 жылдык тарыхы бар эл үч күндүк блокададан коркпойт. Биздин  эл акча үчүн дагы, басым болсо дагы эч качан башка мамлекеттин “шестеркасын” шайлабайт”, деди Алмазбек Атамбаев.

“Биздин эл үчүн эң бийик бул намыс. Биз 2010-жылы көптү көрдүк. 1,5 айлык блокаданы дагы көрдүк. Азыркы мыйзамсыз кадамдарды дагы көрүп жатабыз. Бирок, биз өзүбүздүн эгемендүүлүгүбүздү коргоп калабыз. Тилекке каршы,  Кыргызстанга бир “шестерканы ” таңуулап жаткандыктан өзүңөр көрүп жатасыңар биз эгемендүүлүгүбүздү жоготуп коюшубуз мүмкүн. Андайга жол бербейбиз!”, деп билдирди.

Алмазбек Атамбаев «Кыргыз элин акчага сатып алам же коркутам десе, катуу жаңылышат »- деди.

“Биз кошуналар менен ынтымакта жашашыбыз керек. Бири бирибизге жардам беришибиз керек. Казакстанда ачкачылык болгондо, 100 миң деген казактар, биздин эл акыркы нанын бөлүп бергендиги үчүн аман калышкан”, деп кошумчалады президент.

«Өзүңүздөр күбө болдуңуздар, акыркы 5-6 жылда өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болгонун. Мурда мага Россиянын президенти айткан, биздин армия бут кийими жок, алар ачка болчу. Азыр аскер кызматкерлеринин жетиштүү айлык акы, үй менен камсыз болгон. Биздин армия аз болсо да, согушка жөндөмдү. Кыргыз эли эч качан чөгөлөбөйт»-,деди Атамбаев.

fakt.kg

Тема боюнча:  Карганбек Самаковдун кошкон салымы ат көтөргүс (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful