Templates by BIGtheme NET

Жанар Акаев Сапар Исаков жөнүндө…

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөт башчы Сапар Исаковдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөштү делген маалымат жөнүндө өз пикирин билдирди.

“Шерменде!

Мен улуттук маселеге келгенде, саясатын колдобосом да кыргыз президенти тарапта болом, анткени биз мамлекетчил болушубуз керек, бирок мындай мамлекеттик денгээлде элди алдоо шермендечилик! Шынарлай басып, эптеп суротко тушо калып, анысын калпы менен кошо элге жарыялоо уят иш. Мамлекеттик медиалар кечээ элибизге жалган маалымат таратыптыр да, Сапар Исаковго ишенип, канча эл маалыматка ишенип алды. Проблеманы ачык айтып иштеш керек андан коро!”,-деп жазган фейсбук баракчасына Жанар Акаев.

Эскерте кетсек, Премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Сочидеги жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат берген эле.

Исаков чек арадагы абалдан Кыргызстандын гана эмес, Казакстандын жана башка үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары да жапа чегип жатканын белгиледи. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада жаралган бардык маселелерди чечүүнү тапшырганы кабарланган  эле.

Бирок, Казакстандын премьер-министри  Бактыжан Сагинтаев бул тууралуу маалыматты  расмий түрдө четке каккан.

Буга байланыштуу өкмөт башчынын маалымат кызматы эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон деп маалымат тараткан.

Facebook социалдык  тармагындагы жеке баракчаларда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен чек ара өткөрүү пунктундагы абал боюнча сүйлөштү деген маалымат чыккан. Бирок толук кандуу эки тараптуу сүйлөшүү өткөндүгү тууралуу сөз болгон эмес.

Баарлашуу маалында Нурсултан Назарбаев маселени түшүнүү менен кабыл алып, аны чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берерин билдирген.

Буга байланыштуу Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин башка катышуучуларынын алдында тар чөйрөдө өткөн жолугушуусунда Премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын Президентине маселени ыкчам чечкендиги үчүн ыраазычылык билдирген. Ага жооп кылып Нурсултан Назарбаев кыргыз элине колдоо көрсөтүүгө жана эки тараптуу мамиленин бекемделишине кызыкдар экенин баса белгилеген.

Тема боюнча:  Дүйшөнбек Зилалиев "бомба коюлган" деп тамашалаганбы...

Аталган факты боюнча коомчулукка маалымдаган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Казакстандын лидери менен болгон маектин мазмунун айтып, чек арадагы маселени тезирээк чечүүнү казак тарап түшүнүү менен кабыл алганын билдирген.

Кыргызстандын Өкмөтү казак тарап кыска убакыт аралыгында өздөрүнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы пландык чек ара операцияларын аяктап, ал жактагы иш ыргагы мурдагы калыбында уланарына ишеним артарын билдирет.

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful