Templates by BIGtheme NET

Чек арада кырдаал өзгөрө элек

Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы болуп жаткан маалымат берди.

“Ак-Жол” чек ара бекетинде 200дөн ашык автоунаа казак тарапка өтө албай турат. Түшкү саат экиге карата тараткан маалыматта, “Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда 150 оор жүк ташуучу автоунаа токтоп турат.

 “Чалдыбар”, “Токмок” жана “Чоң-Капка” өткөрүү пункттарында автоунаалардын көлөмү салыштырмалуу аз.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, “Ак тилек”, “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйындаган. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезекке туруп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөрүү пункттарына жакын жерлерде атайын чатырларды орнотуп, жарандардын тамактанып, жылынуусуна шарт түздү. Ошондой эле эл көп чогулган бекеттерде “Тез жардам” кызматы нөөмөттө турат.

fakt.kg

 

Тема боюнча:  Жүргүнчү ташыган кичи автобус оодарылып кетти

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful