Templates by BIGtheme NET

Жардырууга даярданып жүргөн согушкерлер кармалышты (фото)

2017-жылдын 12-октябрында КР МУКК тарабынан өткөзүлгөн Кыргызстандагы кырдаалды дестабилдештирүү максатында террористтик актыларды уюштуруп, аны ишке ашырууга багытталган жана Кыргыз Республикасынын аймагына Сириядагы диверсиялык топтордон жиберилген эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) согушкерлеринин кирүүсүн аныктап, алдын алуу боюнча контртеррористтик иш чаралардын алкагында 1978-жылы туулган, КР жараны К.Х. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Аныкталган маалыматтар боюнча К.Х. 2013-жылы ЭТУ бандиттик түзүмдөрүнө кошулуу максатында Кыргызстандан чыгып кетип, Сириядагы «Сайфуллах аш Шишани» башында турган «Джабхат Фатх аш Шам» (мурунку «Джабхат ан Нусра») террордук тобунун катарына кошулуп, өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

 

2016-жылы ЭТУ башчыларынын тапшырмасы менен Сириядан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагына келип, алардын арасында Кыргызстанда дагы террордук акцияларды даярдап, ишке ашыруу максатында жашыруун ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.

Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат.

fakt.kg

 

 

Тема боюнча:  Ысык-Көлдө эки агасы карындашын сабап өлтүрүшкөн

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful